Бишкек.13.06.2019.Govori.TV.
Икматулла Полотовго эстелик орнотууга көмөк көрсөтүү керек. Мындай пикирин ЖК депутаты Таабалды Тиллаев парламенттин жалпы жыйынында билдирди.
Эске салсак, 2005-жылы кызмат өтөө учурунда кылмышкерлердин огунан ошол кездеги Юстиция министрлигинин жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысы Икматулла Полотов каза болгон.
Т. Тиллаевдин айтымында ага Полотовдун туугандары кайрылган, эстелик даяр, ошону орнотконго жардам керек.
Эл өкүлү кошумчалагандай И. Полотовго тийиштүү наам берилүүсү абзел. Бул пикирди кесиптеши Евгения Строкова да айткан эле.