• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тиллаев: Эки сааттык ок атышууда аялдар менен жаш балдар катуу коркуп калган

18 Аяк оона 2019 15:22 Бишкек Govori.TV

Кыргыз-тажик чек арасында болгон кырдаал менен жеринен барып таанышып келген ЖК депутаты Таабалды Тиллаев окуя тууралуу өзүнүн пикирин айты.

Эки саатка жакын тынбай ок атышуу болгон, анда биздин аял заты менен жаш балдар катуу коркуп калышкан. Биздин тапшырма менен өкмөт башчы да барды. Ал жерде Максат айылынын тургундары, аскерлер менен жолукту. Бир катар маселелер чечилди. Буюрса абал чечилет деп ойлойм, — деди эл өкүлү.

Эске салсак, 16-сентябрда кечке маал Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылына жакын жерде кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда атышуу болуп, эки өлкөнүн төрт аскери курман болду.

Кыргыз тарап чырга 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Лейлек районунун Максат айылы менен чектешкен Баткен районунун Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) участогуна, тактала элек аймакта курулуш ишин баштаганы себеп болгонун билдирген.

Тажикстан болсо кыргыз тараптын аракеттерине нааразылыгын билдирип, «такталбаган чек ара тилкесинде объектилерди сала баштады» деп айыптап жатат.

17-сентябрда кыргыз-тажик өкмөт башчылары жолугушуп, чек араны тактоо иштерин күчөтүү жана топтолгон маселелерди жоюу боюнча сүйлөштү.

Количество просмотров: 101