• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

ТИМ: Кытайда кырсыкка учураган учакта кыргыз жарандары жок

22 Жалган куран 20228:47 Бишкек Govori.TV

Кытайда кырсыкка учураган учактын ичинде кыргызстандык жарандар жок экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Гуанчжоу шаарындагы башкы консулдуктун маалыматына таянып билдирди.

21-мартта Кытайдын түштүк жагында China Eastern Airlines авиакомпаниясына таандык Boeing-737 учагы кулаганын өлкөнүн Борбордук телеканалы кабарлаган.

Учакта 133 жүргүнчү жана экипаждын мүчөлөрү бар экени маалымдалган, алар тууралуу азырынча так маалымат бериле элек. Баштапкы кабарларга караганда, учак Гуанси-Чжуан автономдук районундагы Тэн деп аталган уезддеги тоону сүзүп алган. Окуя болгон жерде өрт чыккан.

Количество просмотров: 242