• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

ТИМ Москвада каза болгон кыргызстандыктар боюнча маалымат берди

8 Баш оона 2022 12:51 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Москвада суу коллекторун тазалоо учурунда каза болгон эки кыргыз жараны тууралуу маалымат берди.

Маалыматта айтылгандай, каза болгондор 2002-жылы жана 1999-жылы туулган кыргызстандыктар болгон.

7-августта Москвадагы суу коллекторлорун тазалап жаткан учурда катуу жааган жамгырдан улам суу толуп калып, үч адамды агызып кеткен. Бул окуя боюнча Орусияда кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.

Учурда Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин кызматкерлери кырсык болгон жерде иш алып барып, маркум жарандардын жакындары менен аныктап жатат.

Буга чейин бул кырсык боюнча Орусиядагы маалымат каражаттары жазып чыккан. Анда Москвадагы суу топтолчу коллекторду 15 жумушчу тазалап жатканы, ошол учурда суунун агымы дароо көбөйүп кетип, үч адамды агызып кеткени айтылган. Алардын экөө кыргызстандык, бирөө тажик жараны экени аныкталган.

Количество просмотров: 132