• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ТИМ түрк элчисинин чыр чыккан Орок айылына барганы боюнча кеңешме өткөрөт

6 Кулжа 2019 12:45 Бишкек Govori.TV

Бишкек.06.06.2019.Govori.TV.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Түркиянын Бишкектеги элчиси Женгиз Камил Фыраттын чыр чыккан Төмөнкү Орок айылына барганы боюнча кеңешме өткөрүп, билдирүү берет. Бул тууралуу “Азаттыкка” мекеменин басма сөз катчысы Уланбек Дыйканбаев билдирди.

«Ал боюнча бүгүн Тышкы иштер министрлигинде кеңешме өтүп, жолугушуу болот. Маалыматты күндүн жүрүшүндө беребиз. Кечээ эми ызы-чуу болбодубу. Биз бул маселе боюнча өз ичибизден сүйлөшөбүз»,-деди Дыйканбаев.

5-июндун кечинде Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат Чүйдүн Төмөнкү Орок айылына барып, жергиликтүү тургундар менен жолуккан. Журналисттерге курган маегинде элчи өзү аталган кыштакта элчиликтин кызматкери жашай турганын, аны алып кетүүгө келгенин айткан.

Кечээ, 5-июнда Төмөнкү Орокто Айт намаздан кийин чыгып баратып үч өспүрүм мушташа кеткен, жабыркаган экөө ооруканада жатат, бири нейрохирургия бөлүмүндө. Бул боюнча 32 адам кармалып, кайра кое берилди.

Мунун алдында Сокулуктун Жаңы-Жер айылында да өспүрүмдөр ортосунда уруш чыкты. Ал жерде кармалгандар жана жабыркагандар тууралуу маалымат жок. Эки факт боюнча тергөө иштери жүрүп жатат

Количество просмотров: 5