• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Тиматинин бекер бургеринен ооз тийген саясатчылар

25 Жалган куран 201920:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек.25.03.2019.Govori.TV.

«Black Star Burger» ресторанын расмий ачылуусуна Тимати өзү келип Бишкектин тургундарына бекер бургер берди.

Тиматинин бургеринен ооз тийип калалы деген калаа тургундары эртелеп эле «Азия Молл» соода борборунун алдына чогулган. Алардын саны арбын болду.

Тиматинин бекер бургерине барган ЖК депутаттарынын сүрөттөрү интернетке жарыяланган.

Руслан Байдылдаев аттуу Фейсбук колдонуучусу баракчасына ЖК депутаты Иса Өмүркуловдун сүрөтүн жайгаштырган.

Ал эми, «“Eldik.Media” сайты акысыз бургердин даамын татуу үчүн келген саясатчыларды дагы камерага түшүрүп алды»,-деп жазып Ахматбек Келдибековдун бургер кармаган сүрөтүн жарыялашкан.

Видео Eldik.Media
Количество просмотров: 28