Бишкек.25.03.2019. Govori.TV.
Белгилүү орус рэп ырчысы Тиматинин «Black Star Burger» ресторанын расмий ачылуусуна Тимати өзү келип Бишкектин тургундарына бекер бургер бермек болгон.
Тиматинин бекер бургерин жегиси келген Бишкектин тургундары «Азия Молл» соода борборунун алдында 18:00дө боло турчу мааракеге эки саат калганда эле чогула башташкан.
Чогулгандардын арасында жаш балдар да арбын.
Белгилүү болгондой бекер бургер 1000 адамга берилмекчи.
Тартипти милиция кызматкерлери көзөмөлдөшүүдө.
Кошумчалай кетсек, Black Star Burger компаниясы 2016-жылы түзүлүп, Орусиядагы эң белгилүү ресторандардан болуп эсептелинет.