• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ТИМдин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган фотокөргөзмө ачылды

18 Жалган куран 2024 17:10 Бишкек Govori.TV

2024-жылдын 18-мартында Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган, КРнын Тышкы саясат ведомствосу тарабынан даярдалган сүрөт көргөзмөнүн салтанаттуу ачылышы болду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев дипломатиялык кызматтын ардагерлерин жана кызматкерлерин бул маанилүү окуя менен куттуктап, эки тараптуу жана көп тараптуу дипломатияны чыңдоого кошкон салымдары үчүн ыраазычылык билдирди.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов өз сөзүндө КР ТИМдин өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада алдыга илгерилетүү, чет өлкөлөрдө жарандардын укуктарын кызыкчылыктарын камсыз кылуу, улуттук коопсуздукту чыңдоо, тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүүдө, ошондой эле мамлекеттин экономикасына чет өлкөлүк инвестицияларды тартууда маанилүү ролун белгиледи.

Ошону менен катар Кыргыз ССРинин мурдагы Тышкы иштер министри, СССРдин Атайын жана Ыйгарым укуктуу Кичи элчиси Жаңыл Түмөнбаева куттуктоо сөзүндө Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги мамлекеттик бийликтин маанилүү түзүмдөрүнүн бири болгонун айтып, ТИМ социалдык-экономикалык тармакты өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүдө орчундуу орунду ээлегенин кошумчалады.

Куттуктоо сөздөрдөн кийин министр Ж.Кулубаев Кыргыз Республикасынын тышкы саясатын ишке ашырууга зор салым кошкон дипломатиялык кызматтын ардагерлерине жана көрүнүктүү ишмерлерине министрликтин ведомстволук сыйлыктарын тапшырды.

Сүрөт көргөзмөнүн ачылышына келген ардактуу конокторунун катарында мамлекеттик ишмер, КР Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ишенгүл Болжурова, КР мурдагы Тышкы иштер министри, Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Аскар Айтматов, КРнын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчилери Акбар Рыскулов, Аликбек Жекшенкулов, Эмилбек Узакбаев, Рысбек Качкеев жана башка дипломатиялык кызматтардын ардагерлери, ошондой эле Кыргыз Республикасында аккредиттелген эл аралык уюмдардын дипломатиялык миссияларынын жана эл аралык уюмдардын өкүлчүлүктөрүнүн башчылары катышты.

Сүрөт көргөзмө 2023-жылдын 19-мартынан баштап жалпы көрүүчүлөр үчүн ачык болот. Көргөзмөгө 1944-жылы Кыргыз ССРинин Союздук-республикалык Тышкы иштер Элдик комиссариаты түзүлгөндөн бери кыргыз дипломатиясынын өнүгүүсүнүн негизги этаптарын чагылдырган 300дөн ашык сүрөт коюлган.

Количество просмотров: 82