• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Тимур Файзиев 2 айга камакка алынды

12 Тогуздун айы 2023 10:47 Бишкек Govori.TV

Элит Хаус курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Октябрь райондук сотунун чечими менен Ф.Т.А.га карата Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абагында кармоо менен 2023-жылдын 9-декабрына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Буга чейин УКМК тарабынан Elite House курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев кармалганы кабарланган.

Атайы кызмат бул тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Количество просмотров: 71