Руслан Акматалиев Ысык-Көл облусунда «Асман шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Маалыматты Govori.TVга Акматалиев өзү тастыктады.
Маалыматка ылайык, 12-апрель күнү шаарды куруу долбоорунун презентациясы президентке көрсөтүлгөн.
«Мамлекет башчы Садыр Жапаров мени “Асман” экологиялык таза шаарын куруу» боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчиси кылып дайындады»,-деп билдирди Акматалиев.
Ал кошумчалагандай, “Элит Хаус” курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев Ысык-Көл облусунда «Асман шаарын» куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын жетекчилигинен четтетилди.
Файзиев Ысык-Көлдө «Асман экологиялык таза шаарын» куруу мамлекеттик дирекциясынын башкы директору болуп расмий 4-январда дайындалган.
«Асман — келечектеги экологиялык таза шаар» деп аталган пилоттук долбоор 2020-жылдын июлунда эле тааныштырылган. Шаар Ысык-Көлдүн жээгинде — Тору-Айгыр айылынан жогору жана Балыкчыдан 15 км алыста курула турганы айтылууда.