• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

7 Теке 2021 14:33 Бишкек Govori.TV

Аскер прокуратурасынын өтүнүчү менен  «Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, райондук соттун 2021-жылдын 6-июлундагы токтому менен Аскер прокурорунун улук жардамчысынын өтүнүчү канааттандырылды.

Шектүү Т.А. Файзиевге карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы сотко чейинки жана соттук өндүрүш иштери аяктаганга чейин сыртка чыкпоо тил каты баш коргоо чарасына өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, Тимур Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин алууда коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө. 27-майда сот Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун чечими менен шектүүнү ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Количество просмотров: 101