• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Тинтүү учурунда “Акнет” компаниясынын директорунун үйүнөн октор табылды

29 Бугу 201918:17 Бишкек Govori.TV

Бишкек.29.05.2019.Govori.TV.

“Акнет” компаниясынын жетекчисинин үйүнөн тинтүү учурунда снайпердик куралдын 500гө жакын огу табылды. Бул тууралуу юрист Рустам Абдрауфов бүгүн, 29-майда басма сөз жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Кубан Ажимудинов 33% үлүшү менен 2004-жылдан бери “Акнет” компаниясынын туруктуу мүдүрү болгон. Ал эми «Акнет» ЖЧКсы менен «Строй сеть» ЖЧКнын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүзүлүп, «Акнет» ЖЧКсынан 14 176 173 сомдук акча каражатын мыйзамсыз эсептен чыгаргандыгы аныкталып, буга байланыштуу үйүн тинтүү учурунда курал-жарактардын октору табылган.

“Ал жоопкерчиликтен качам деп ойлоп жатат. Буга чейинки колдонгон чараларын эми колдоно албайт”,-деп билдирет юрист Рустам Абдрауфов.

Количество просмотров: 15