Өткөн сутка ичинде дагы 4 бейтап COVID-19дан каза болду
Өткөн сутка ичинде дагы 4 бейтап COVID-19дан каза болду
2 Теке 2020 10:09 Бишкек Govori.TV
Өткөн сутка ичинде 4 бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Анын айтымында, каза болгон учурлар төмөнкү аймактарда катталды:
Кыргыз-Түрк достук ооруканасынан – 1 (71 жаштагы эркек киши);
Ноокат аймактык ооруканасынан – 1 (70 жаштагы эркек киши);
Кочкор аймактык ооруканасынан – 2 (69 жаштагы аял киши, 56 жаштагы эркек киши).