Акыркы суткада пневмониядан 40 адам каза болду. Бул тууралуу коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.
“Бир сутка ичинде пневмониядан 40 бейтап каза болду. Алардын ичинен 14 адам республика боюнча жана Бишкекте 26 адам”, — деди Акматова.
Белгилей кетсек, март айынан бери пневмониядан жалпы каза болгондордун саны 350 адамды түздү.