• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Өткүрбек Жамшитов: Баткен облусунун прокурорунун өлүмү тергелип бүтө элек

16 Чын куран 201917:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.04.2019.Govori.TV.

Бүгүн, 16-апрелде Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Баткен облусунун прокурору киши колдуу болгону тууралуу суроо берилип, эмне себептен маркумдун жанында жүргөн башка прокурорлор сурак бербестен ошол эле күнү чыгып кеткени айтылды.

Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов кылмыш иши тергелип жатканын айтып жана маркум менен чогуу барган прокурорлор күбө катары сурак берип жатканын айткан.

Эске салсак, Баткен облусунун прокурору, 43 жаштагы Анарбай Мамажакыповдун киши колдуу болгон сөөгү 2018-жылдын 18-ноябрында Баткендеги тоо арасынан табылган. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Адам өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон.

Количество просмотров: 23