Бүгүн, 8-апрелде өкмөт үйүндөгү онлайн брифингде ички иштер министринин орун басары — Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев өлкөдөгү коомдук абал боюнча маалымат берип, актуалдуу суроолорго жооп берди.
Анын айтымында, Бишкек комендатурасына 2-7-апрель күндөрү өткөрмө кагаздарын алуу үчүн 16 213 электрондук арыз келип түштү. Алардын ичинен 725 арыз жактырылды.
«Өткөн суткада 180 электрондук арыз келип түштү», — деди ал.