Тоң районунун Кажы-Сай айылынында жайкы туристтик мезгилге даярдануу максатында Күн-Чыгыш айыл өкмөтү тарабынан муниципалдык пляждагы мыйзамсыз курулмаларды алдыруу иштери жүрүп жатат.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мыйзамсыз курулуштар Тоң районунун шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын көрсөтмөсүнүн негизинде алынууда.
Мындан тышкары, Тоң районунун Бөкөнбаев айылынын борбордук көчөсүндө мыйзамсыз курулуштар алынууда.