Бүгүн Тоң районунун аймагында абал турукташкандыгына байланыштуу коопсуз жайга көчүрүлгөн жашоочулар үйлөрүнө кайтышты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, айыл аймак тарабынан 2 экскаватор, 1 жүктөгүч, 1 бульдозер тартылып, коктудан түшкөн суунун нугун Тоң суусуна буруп, суу каптоо коркунучунун алдын алышты.
Учурда райондук жарандык коргонуу кызматтарынан турган нөөмөт абалды көзөмөлдөөдө.
Белгилей кетсек, 21-августта Зындан көлү жырылып, Б.Мамбетов айыл аймагына тиешелүү Туура-Суу айылына, Балык завод тилкесинде жашагандарга кооптуулук жаралган.