• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Тогуз айдын аралыгында баңги кылмыштары боюнча 33 факты аныкталган

3 Жетинин айы 2022 12:15 Бишкек Govori.TV

2022-жылдын тогуз айынын жыйынтыгында баңги кылмыштары боюнча 33 факты аныкталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын бажылык укук бузууларга каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Эрлан Сманов билдирди.

Анын айтымында, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 33 кг 111 гр гашиш, 13 кг 925 гр марихуана алынган.

“Ошондой эле 40 даана таблетка ацетаминофен, 1 миң 990 даана таблетка диазепам, 30 даана капсула NBHemp (психотроптук заттар), 70,32 гр героин, 586 гр кара куурай жана 5 миң кг уксус кислотасы (прекурсор) алынган”, — деди Сманов.

Количество просмотров: 58