• Жума 9 Кулжа 2023
  • Пятница 9 Июнь 2023

Тогуз-Тородо митингге чыккандар алтын ылгоочу комбинатты өрттөп жиберишти (сүрөт)

11 апреля 2018 в 14:33 Бишкек Govori.TV
Бишкек 11.04.18 Govori.TV
Бүгүн Тогуз-Тородо митингге чыккан миңден ашуун эл жаңы курулуп жаткан алтын комбинатын өрттөп жиберишти. Бул туурасында ИИМдин басма сөз борборунан билдиришти.
Бүгүн, 11-апрелде Тогуз-Тородо  миңден ашуун нааразы болгон адам жаңы курулуп жаткан алтын комбинатын өрттөп жиберишти. Алар милиция кызматкерлери түшүндүрүү иштерин башталганга чейин эле аларга таш ыргытышып андан соң ишке кире элек  алтын ылгоочу имаратты өрттөп жиберишкен.
Белгилей кетсек, Тогуз-Торо районунун тургундары салынып жаткан алтын ылгоочу комбинаттын курулушу токтотулуусун деген талап менен 2 айдан бери  бир нече жолу митинге чыгышкан.

Количество просмотров: 19