• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Тогуз-Торонун эли Ак үй алдына митингге чыгышты

17 Чын куран 2018 13:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV

Милиция тарабынан кармалып Бишкекке алып келинген Тогуз-Торо районунун тургундары бошотулсун деген талап менен бүгүн 17-апрелде  райондун тургундары Ак үйдүн алдына митингге чыгышты.

Алар колдоруна «Бейкүнөө элдерге боштондук», «Биздин үнүбүздү уга турган чоңдор бар бекен?» деген жазууларды көтөрүп алышкан.

Учурда алар менен Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сеитов жолугушту. Ал билдиргендей, 16-апрелде 14 адам, бүгүн эртең менен бир адам кармалып келинди.»Жалпы 150 адам суралып, 15 адам Бишкекке алып келинди. Алардын үчөө аял киши болсо, калгандары эркектер. Бир кыз 18 жашта, калганы 20 жаштан жогору. Бул жакка алып келгенибиздин себеби иш резонанс жараткандыктан калыс тергелүүсү керек», — деди Сеитов.

Белгилей кетсек, 11-апрелде  Тогуз-Тородо элдер митингге чыгышып алар алтын ылгоочу комбинатты өрттөп жибершкен. Бул убакытта митингде жүргөн 3 милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундар жаракат алып аймактык ооруканага кайрылышкан.

Количество просмотров: 19