• Жекшемби 7 Кулжа 2026
  • Воскресенье 7 Июнь 2026

Замир Эстебесов: Өкмөт Тогуз-Торо районунун элин тоготпой жатат (видео)

23 Чын куран 201817:34 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 23.04. 2018. Govori.TV

«Комбинаттын курулганы элге зыян. Бизде радиация күч. Бул жерде өкмөт элдин үнүн укпай, калыстыгы жок болуп жатат. Эл эки-үч жолу митингге  чыкты эч кимиси уккан жок. Өкмөт Тогуз-Торо районунун элин тогопой жатат. Айылда аз кандуулук болуп көбүнчөсү боор, сарык оорусу менен  ооруп кан менен ооругандардын саны көбөйүүдө» -дейт Замир Эстебесов.

Белгилей кетсек бүгүн 23-апрелде райондун тургундары  Ак Үйдүн алдында митингге чыгышты. Алар митингди уюштурууга шектелип камакка алынган 12 адам бошотулсун деген талап коюшту..

Эске салсак, Тогуз-Торо районунун эли 11-апрелде митинге чыгышып алтын чайкоочу комбинатты өрттөп жиберишкен. Мунун арты менен ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси («Ээнбаштык») жана 174-беренеси («Бирөөнүн мүлкүн атайын өрттөп жок кылуу») менен кылмыш ишин козгоп, 15 кишини камакка алган.

 

Количество просмотров: 45