• Дүйшөмбү 29 Кулжа 2026
  • Понедельник 29 Июнь 2026

Тогуз-Тородо сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган

27 Теке 202012:24 Бишкек Govori.TV

Тогуз-Торо районунда сел жүрүп, 21 турак үйдү суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Анын айтымында, 26-июлда саат 22:15 чамасында Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда катуу жааган жамгырдын кесепетинен Казарман айылынын Кадыркул көчөсүн суу каптап 12 турак үйдүн, Б.Алиев көчөсүндө 9 турак үйдүн короолоруна суу кирген жана Жалал-Абад-Казарман унаа жолунун 23 — 24 — чакырым аралыктарын суу каптаган.

«Тогуз-Торо райондук №46 райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, Жарандык коргонуу комиссиясы, жергиликтүү тургундар, жайыт комитетинен 1 жүктөгүч, Көк-Ирим айыл аймагынын жайыт комитетинен 1 жүктөгүч жана жеке менчик 1 жүктөгүч тартылган. 26-июлда тартылган күчтөрдүн жардамы менен унаа жолду жана турак үйлөрдүн короолорун тазалоо иштери жүргүзүлгөн», — деп берилет маалыматта

Количество просмотров: 125