Тогуз-Тородогу башаламандыктан кийин 15 адам кармалды
Тогуз-Тородогу башаламандыктан кийин 15 адам кармалды
17 Чын куран 201814:00 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 17.04.2018. Govori.TV.
Тогуз-Тородогу алтын фабрикасынын курулушунун тегерегинде чыккан башаламандыктан кийин 15 кишиге бир нече берене менен кылмыш иши козголгондугун ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган факты боюнча КРдин Кылмыш жана жаза кодексинин 234 (Бейбашчылык), 174 (Мүлктү атайылап жок кылуу же зыянга учуратуу) жана 233-беренелери (Массалык тартипсиздик) менен кылмыш иши козголуп, 15 адам убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Ушул тапта аймактагы кырдаалды милиция толугу менен көзөмөлгө алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.
Бишкекте «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун 12 мүчөсү кармалды
Бишкекте «Хизбут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөлөрүнүн мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, …