• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга алып келинди

21 Бирдин айы 202316:36 Бишкек Govori.TV

Жалал-Абадда той учурунда асманга ок аткан жаран милицияга алынып келинди. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 19-февраль күнү той учурунда жүрүп бара жаткан “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн белгисиз жаран ок атуучу куралдан ок чыгыргандыгы боюнча видео социалдык тармактарга тараган.

Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып, териштирүү иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында ок аткан жаран Жалал-Абад шаарынын тургуну 1995-ж.т. М.А. экендиги ошол эле күнү такталып, саат 14:00 чамасында милиция бөлүмүнө алынып келинген. Ал Сузак районунун Октябрь айылында тойдо жүрүп, “БМВ” үлгүсүндөгү автоунаанын үстүнөн өзүнө таандык “Сайга МК-01” ок атуучу куралынан 10 даана асманга ок чыгаргандыгы белгилүү болгон.

Азыркы учурда ок атуучу куралга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, бул жорукка юридикалык баа берүү максатында текшерүү иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 42