• Бейшемби 2 Теке 2026
  • Четверг 2 Июль 2026

Тойдо Текебаев Бабанов менен бир столдо олтурганда эмне тууралуу ойлонгон

4 Жетинин айы 201915:45 Бишкек Govori.TV

Мурунку депутат Өмүрбек Текебаевдин «Эркин Маалымат» аталышындагы ютуб каналына берген маегинде бир топ темалар козголгон.

Алардын бири депутат Руслан Казакбаевдин тоюу болду. Анда мурунку депутат Өмүрбек Бабанов менен бирге бир столдо олтурган Өмүрбек Текебаев эмнелер тууралуу ойлонгону тууралуу айтып берген.

«Мага той башталаар алдында уюштуруучулар келип, жаныңызга Бабанов олтурат деп айтып кетишкен. Менде «кокуй, Бабановду бүгүнкү бийлик жаман көрөт эле, ага бир эмес сегиз кылмыш иши козголду эле, анын менен саламдашкандар, чоогу жүргөндөргө маселе жаралып жатыптыр, өзүм араң турганда мага мындайдын кереги жок» деп качып кеткенге жарым саат убактым бар эле. Бирок мен андай коркоктукка бара албайм», — деди Текебаев.

Количество просмотров: 647