• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Токио Олимпиадасына кайсы чиновниктер барат?

23 Теке 2021 16:03 Бишкек Govori.TV

Бул жолку Олимпиада оюндары Япониянын Токио шаарында өтүп жатат. Дүйнөлүк масштабдагы мелдешке Кыргызстандан 16 спортчу жолдомо алууга жетишкен.

Оюндарга өлкөнүн делегациясынын курамына бир нече аткаминерлер киргизилгени айтылууда.

Алар президенттик аппараттын башчысынын орун басары Адылбек Касымалиев жана президенттик администрациянын билим берүү, илим, маданият, спорт жана жаштар бөлүмүнүн башчысы Галина Байтерек, ошондой эле Жаштар иштери, дене тарбия, спорт жана мамлекеттик агенттигинин башчысы Канат Шабданбаев.
Мындан сырткары делегациянын курамына Жогорку Кеңештин бир нече депутаттары жана Маданият министри дагы кирген.

Эске салсак, Улуттук Олимпиада комитетинин расмий версиясы боюнча, делегациянын курамына 41 гана адам кирген, алардын катарында 16 спортчу, 14 машыктыруучу, дарыгер, массажист, команданын пресс-атташеси, ошондой эле УОКтун мүчөлөрү, мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү бар.

Количество просмотров: 1710