• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токко урунган жоокер экинчи колунан ажырады

28 Баш оона 2018 14:36 Бишкек Govori.TV

Бишкек.28.08.2018.Govori.TV.

Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө институтунун дарыгерлери консилиум өткөрүп, токко урунуп, оор жараат алган жоокер Руслан Сапарбаевдин «сол колун да ампутация кылыш керек» деп чечим чыгарышкан. Бүгүн, 28-августта жоокердин колуна операция жасалып, ампутация болду. Бул тууралуу  жоокерге укуктук жардам көрсөтүп жаткан “Кылым шамы” уюмунун жетекчиси Азиза Абдирасулова билдирди.
Токко эки колу күйүп калган Руслан Сапарбаевди дарыгерлер 17-августта операция кылып, оң колун чыканагынан өйдөрөөк ампутация кылышкан. Учурда жоокердин абалы оор, бирок туруктуу деп бааланып жатат.
Ал эми учурда колдорунан ажыраган аскерге кенемте төлөп берүү маселеси каралып жатат.
Эске салсак, Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат кылып жүргөн Сапарбаев 8-августта кезмет учурунда токко урунуп алган. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы кырсыкка аскер өзү күнөөлүү экенин, ал тыюу салынган электр көмөк чордонуна кирип, трансформаторго кол салып алганын билдирген.

 

 

Количество просмотров: 27