• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токмок мэри Самаев сотко жеткирилди

19 Чын куран 2023 19:30 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарынын мэри Урмат Самаевдин баш коргоо чарасын кароо үчүн Бишкектин Свердлов райондук сотуна жеткирилди.

Ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, коюлган айыптар менен макул эмес экенин айтты.

Токмок шаарынын мэри УКМК тарабынан кармалган.

Маалыматка ылайык, Самаев “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында аныкталган коррупциялык иштерге катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан “Токмок жылуулук” МИнин борбордук жылуулук трассасына үйлөрдү мыйзамсыз кошуу фактысы аныкталган. Келтирилген зыяндын суммасы 130 млн сомдон ашат.

Количество просмотров: 56