• Жума 24 Теке 2026
  • Пятница 24 Июль 2026

Токмок шаарынын аймагынан курал-жарак сакталган жай табылды

3 Жалган куран 202317:29 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Токмок шаарындагы 3-кичирайонунун аймагынан ок атуучу курал жана ок-дарылар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, курал сактоочу жайдан 1 желим баштыктан кесилген сайлуу мылтык (типтүү эмес ок атуучу курал), 1 револьвер тапанчасы, 1 Макаров травматикалык тапанчасы (ПМ), 1 ПМ магазини, 7 (9мм) ПМдин травматикалык патрону , 10 (16 калибр) аңчылык патрону жана 5,45 калибрдеги 88 патрон табылган.

Ок атуучу куралдардын жана ок-дарылардын табылышы боюнча Токмок шаардык милициясынын тергөө кызматы тарабынан материалдар маалыматты каттоо журналына катталды.

Учурда куралдын ээлерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 140