• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Токмокто карындашына ыдык көрсөткөн айдоочуну аткан жаран сот залынан бошотулду

18 Тогуздун айы 2023 9:25 Бишкек Govori.TV

Токмокто карындашын болушуп, ок чыгарган жаран абактан чыкты. Бул тууралуу жактоочу Кайсын Абакиров билдирди.

Маалыматка караганда, Чүй облустук сотунун өкүмү менен ага Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренеси «аффект абалында киши өлтүрүү» боюнча бир жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл киргизилген. Ал сот залынан бошотулган.

Эске салсак окуя 2022-жылдын 1-июль күнү Токмок шаарына жакын жерде болгон. Анда жаш келин өтүп бараткан машинаны тосуп, ага отурган. Рулдагы 47 жаштагы И.Р. аттуу айдоочу бир аз жүргөндөн кийин эле автоунаасын жол четине токтотуп аялга асыла баштаган. Ал эптеп качып чыккандан кийин агасына телефон чалып баарын айтып берген. Андан соң ошол эле жерде жүргүнчү түшүрүп жаткан автоунаага барып отурган. Бирок И.Р. анын артынан кууп барып, машинанын астын тороп токтотуп эч бир себеби жок эле келинди уруп-согуп, чачынан сүйрөп сыртка чыгарууга аракет кылган. Ошол учурда агасы келип калып карындашын кордоп жаткан кишини газ-травматикалык тапанча менен атып жиберген. Ал алган жараатынан улам Тез жардам келгенге чейин каза болгон.

Аталган факты Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Адам өлтүрүү») менен Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Карындашын коргогон 36 жаштагы Д.З. кармалган.

Количество просмотров: 162