Бишкек.12.02.2019.Govori.TV.
Унаа жолдо жолборстун жүргөнү видеого тартылып, азыркы тапта интернетке тарап жаткан маалы. Анда жол чекесине ашып секирип талаага кетип калган жолборсту көрүүгө болот.
Жиберген адамдардын айтымында видео Токмоктун четинен тартылган.
«Жырткыч зоопарктан качып кетиши мүмкүн. Айланма жолдон токтобогула, этият болуңуздар!» — деп айтылат маалыматта.
Чүй облустук ИИББдин маалымат кызматы видео Россиянын Хабаровск крайында тартылганын билдирди.
«Ооба, Токмокко менчик зоопарк келген, бирок ал үч күн мурда кеткен», — дешти милициядан.