• Дүйшөмбү 4 Бештин айы 2023
  • Понедельник 4 Декабрь 2023

Токмокто жол кырсыгынан 3 киши жабыркады

17 ноября 2023 в 9:30 Бишкек Govori.TV

Токмок шаарында жол кырсыгы катталып, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү болжол менен саат 20:59 чамасында Токмок шаарынын Жантаева-Колхозная көчөсүнүн кесилишинен «Фольксваген пассат» үлгүсүндөгү унаа күн батыштан чыгышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай карама каршы тилкеге чыгып «Хонда Адиссей» унаасы менен сүзүшкөн.

Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыкта «Фольксваген пассат» унаасынын матор жагынан түтүн чыгып, жолду көрбөй калган. Кырсыктан кийин унаа күйүп кеткен.

Жол кырсыктын кесепетинен «Хонда Одиссей» унаасынын 2 жүргүнчүсү жана «Фольксваген пассат» унаасынын айдоочусу Токмок шаарынын аймактык оорканасына жеткирилген.

Количество просмотров: 83