Токмокто 5-апрелде эртең менен эки жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган.
Кырсык Султан Ибраимов көчөсүндө болгону белгилүү. Ак түстөгү унаа орто тилкеден оңго бурулуп жаткан учурда өз тилкесинде жылып бара жаткан Volkswagen Passat аны сүзүп кетти.
Чүй ОИИББинин маалыматына караганда, жол кырсыгынан эч ким жабыркаган жок.