Бишкек. 29.01.2019.Govori.TV.
«Токмок» (Дунларов атындагы) көзөмөл-өткөрүү пунктунда болгон атышууда жаракат алды делген Дастан Бейшенкулов окуя боюнча айтып берди.
Анын айтымында 25-январда ал «Токмок» көзөмөл-өткөрүү пунктунун жанында турган, бир убакта ага Аскат атуу контрабандачы келип, андан эмне үчүн тураарын сурап, түртүп баштаган.
«Экөөбүздүн ортобузда уруш чыкты.Бычакты алайын дегенде мен жарадар болдум. Андан сон пистолет менен төшкө жана бутка атып салды. Мени четкерээ алып барышып сабап башташты. Мен даро эле бейтапканага келген жокмун, себеби Аскат баарын эркекче чечебиз деди, коркутту. Милицияга жана больницага барбашымды айтты»,-деген Дастан Бейшенкулов.
Журналисттер менен болгон маегинде Бейшенкулов ЖК депутаты Урматбек Самаев менен туугандык байланышы бар экенин тастыктаган.
Ал эми учурда Асхат аттуу кишиге издөө жарыяланып, сотко чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат.