• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Токон Мамытов Кой-Таштагы кагылышуудан жаракат алгандардын абалынан кабар алды

9 Баш оона 201911:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.08.2019.Govori.TV.

Кечээ Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кой-Таштагы кагылышуудан улам ооруканага түшкөн жарандардын ал-абалынан кабар алды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.

На изображении может находиться: 4 человека, люди стоят и в помещении

«Алгач Улуттук Госпиталга андан соң №4 Бишкек шаардык ооруканага бардык. Биз барган учурда 4 адам дарыланып, 1 адам реанимацияда жатыптыр. №4 оорукананага алгач 26 жаран кайрылганын, анын ичинен 6 оор абалда жаткырылып, 1 кайтыш болгонун, 13 амбулатордук жардам көрсөтүлгөнүн айтыштты врачтар.

Ал эми улуттук госпиталдын дарыгерлери, «Кой-Таштын ичинде жүргөн бейтаптар коркуп ооруканадан качып кетип атышты. Экинчи жолкудан алып келип аттык. Аларга качпагыла, силер дарыланууңар керек-деп түшүндүрүп жатабыз. Бизге алардын кайсы жактан, эмне болуп келгени маанилүү эмес, алардын саламаттыгы маанилүү»-дешти»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 15