• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Токтакунова: БШКнын Мамытовду талапкер катары каттабай койгону саясий чечим

25 Тогуздун айы 2021 18:39 Бишкек Govori.TV

Боршайкомдун Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовду талапкер катары каттабай койгону саясий чечим. Мындай пикирин юрист Таалайгүл Токтакунова билдирди.

«БШК Талант Мамытов парламент төрагасы катары кызматын тапшырышы керек болчу, бул жаңы кабыл алынган шайлоо жөнүндөгү мыйзамга байланыштуу деп жатканы туура эмес. Дал ушул норма өзгөргөнгө чейинки кодексте болгон. Бир гана айырмачылыгы ал жерде кызматын тапшыруу эмес, ыйгарым укуктарын убактылуу токтотуу болчу. Былтыр дагы ушундай суроо жаралган. Анда Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Дастан Жумабеков менен эки орун басары шайлоого катышуу ниетин билдиришкен. Анда шайлоого аттанган башка саясий партия арыз менен кайрылган. Жумабеков, Касымалиева, Бакировдор ыйгарым укуктарын токтотпогону жүйө келтирилип, партия тизмесинен чыгаруу талабы коюлган. БШК ошол кезде даттанууну карап, төрага менен анын орун басарлары Жогорку Кеңештин депутаттары болгону үчүн ыйгарым укуктарын токтошпошу керек деген чечим чыгарган. Ал партия сотко кайрылган, бирок сот БШКнын чечимин туура деп тапкан. Борбордук шайлоо комиссиясы юридикалык чечим кабыл албай, саясий чечим кабыл алат. Бүгүнкү күндө ыйгарым укуктарын токтотуу керек деген нерсе кызматын тапшырууга өзгөрдү. Ошол себептүү бул нерсени азыркы өзгөртүүгө байланыштырбай, тээ түпкүрүн кароо керек»,-деди юрист Токтакунова.

Количество просмотров: 2425