• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Токтогазиев кесиптештерин мыйзам чегинде иш алып барууга чакырды

23 Тогуздун айы 2020 18:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-октябрда айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Тилек Токтогазиев биринчи жумуш күнүндө министрликтин кызматкерлери менен таанышып, министрликте жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалыматтарды алды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Токтогазиев кызматкерлер менен таанышып жатып, айыл чарба тармагын санариптештирүүнү жана тамак-аш кайра иштетүү тармагын алдыга жылдыруу боюнча пландарын айтты.

Ошондой эле ал айыл чарба тармагындагы ассоциациялар менен тыгыз кызматташып, дыйкан-фермерлерге ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.

Мындан сырткары, министр кесиптештерин мыйзам чегинде иш алып барууга жана айыл чарба тармагын алдыга жылдырууга, өнүктүрүүгө чакырды.

Количество просмотров: 296