• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Токтогазиев: Малды сатууга тыюу салуу боюнча нааразы болгондор 1-2 жылда рахмат айтышат

4 Бештин айы 2020 10:44 Бишкек Govori.TV

Быйылкы жылдын акыркы 10 айында 8 миңден ашык бодо мал Кыргызстандан чыгарылган. Бул тууралуу бүгүн, 4-декабрда айыл чарба министри Тилек Токтогазиев билдирди.

Анын айтымында, бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 12-13 эсе көп.

«Айыл чарба министрлигине WhatsApp номер аркылуу Аксыда, Ошто, Ала-Букада, Баткенде малды мыйзамсыз экспорттоп жатышкандыгы тууралуу маалымат түшүп жатат. Расмий эмес маалымат боюнча бир күндө миңге жакын уй Кыргызстандан сыртка чыгарылып жатат. Тыюу салуу боюнча нааразычылыктар бар. Азыр бизди урушуп, жаман көрүшкөнү менен 1-2 жылдан кийин рахмат айтышат. Жарлык чыгарардан мурда биз башка жолдорун караштырып көрдүк. Эттин баасы кескин кымбаттап кетти. Өзбекстан мамлекетине малды мыйзамсыз жол менен экспорттоо токтобой жатат. Бүгүнкү күндө коңшу мамлекетке тирүү мал сатуунун катталбаган учурлары мыйзамдуу сатуудан он эсеге көп. Мындай чектөө аркылуу чек арадан мыйзамсыз өткөрүүнү да ооздуктаса болот. Ошол эле учурда тыюу салуу тирүүлөй сатууга гана кирди, союп сатууга эч кандай чектөө жок» — деди ал.

Белгилей кетсек, тыюу салуу тирүү малга эле тиешелүү эмес, буудай, арпа, жүгөрү, күрүч, кумшекер өңдүү бир катар товарларга да чектөө киргизилди. Убактылуу тыюу салуу боюнча токтомго премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков кол койгон.

Количество просмотров: 284