• Жекшемби 28 Кулжа 2026
  • Воскресенье 28 Июнь 2026

Токтогазиева: 6-чакырылыштын депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албайт

23 Жетинин айы 202012:34 Бишкек Govori.TV

6-чакырылыштын депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албайт. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда конституциялык укук боюнча эксперт, юридика илимдеринин доктору Сания Токтогазиева билдирди.

«Азыркы парламенттин ыйгарым укуктары өлкөдө мыйзам боштугу болбосун деген гана негизде узартылган. Ошондуктан 6-чакырылыштын депутаттары Конституцияга өзгөртүү киргизүүнү демилгелей албайт. Конституциялык укук боюнча кеп-кеңеш берген эл аралык орган — Венеция комиссиясы Кыргызстандагы Конституциялык реформадан улам шайлоонун жылдырылышына байланыштуу ыкчам корутундусун жарыялады. Эксперттер Кыргызстандын депутаттары өз ыйгарымдарынан аша чапкан деген тыянакка келген. Венеция комиссиясынын корутундусу сунуш мүнөзүндө болгонуна карабай, бир да мамлекет алардын корутундусун көз жаздымда калтыра албайт. Эгер аны көз жаздымда калтыра турган болсо репутацияга, тышкы байланыштарга өтө чоң кедергисин тийгизиши мүмкүн. Мындай нерсе Кыргызстанга дагы тиешелүү», — деди Токтогазиева.

Белгилей кетсек, юристтердин тобу брифинг өткөрүп, Конституцияны өзгөртүү тууралуу документти кабыл алууда кандай мыйзамдар бузулганын талдап беришти.

Количество просмотров: 87