Токтогул районуна караштуу Толук айылдык кеңешинин төрагасы Аскат Курманбеков аталган айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучусу Урмат Сарыгазаков жана катчынын милдетин аткаруучу Тууганбаева Гулнара тарабынан орой мамилеге жана ур-токмокко алынганын айтты. Бул тууралуу ал Govori.TVга билдирип окуя тууралуу айтып берди.
Анын айтымында, окуя 5-апрелде болгон.
«Мен өзүм айылдык кеңештин төрагасы болуп эки жылдан бери иш алып барып жатам. Ал жерде айыл өкмөттүн катчысы бизге да катчы болуп иштейт, мен ал күнкүгө жайыт комитеттинин курамын саат 11:00гө чакырып койгом. Жыйында жайыт комитеттинин төрагасы шайланмак. Ал күнү өкмөт башчы жок экен, жыйынга Токтогул районго кетишиптир, телефон чалсам эртең барам деди. Анан өкмөт келгенде чогу жолугалы деген ой менен жайыт комитеттинин мүчөлөрүнө телефон чалып жыйынды жылдырдык. Ошону менен саат 9:30да өкмөт тарапка келсем Сарыказаков .У азыркы И.О эшикке кетип жатыптыр, «азыр кайра келгем» деп саат 11:00дө келди, катчы жок. Анан өкмөттү иш бөлмөңдү ач, ошол жактан таалкуу кылып сүйлөшөлү десем болбой койду. Мейли деп жоопту катчыга кайрылдым эртеңки элдик жыйынга депутаттарга чакыруу берип, элди уюштуруп бериңиздер анан чакыруу барактарын бир делого тиркеп кой десем эле орой мамиле кылып баштады. Кызматык этиканы сактагыла деп айтсам болбоду. Анда мен камерага тартып алайын десем эле отурган жеринен ыргып туруп беттен апчып телефонду колдон алып жерге чаап таштады. Аңгыча өкмөт башчы бир уруп жиберди», — деди ал.
Ал кошумчалагандай бул окуяга участковой жана башка да адамдар күбө болгон.
«Булар ар кимдин ушундай характер менен кабыл ала берсе туура эмесго деп райондун башчы акими Туюкбаев Акылбекке да арыз менен кайрылдым. Экөөнү тең иштен чететип берүүңүздү суранам деп. Алар мындай иштерди буга чейин да жасап келишкен», — дейт Курманбеков.
Курманбеков кошумчалагандай ал бул окуя боюнча милицияга арыз жазган.
Govori.TV экинчи тараптын да оюн чагылдырууда даяр.