• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Толгонайдын жигити Атабековдун кайниси

22 Үчтүн айы 2019 16:46 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 22.01.2019. Govori.TV

Жигити экөө бир топ жыл дос катары сүйлөшүп, кыз-жигит болгондоруна 2 жылдай болгонун билдирди.

Ырчы Толгонай Арзыкеева Инстаграмга жигити менен чогуу сүрөтүн чыгарды. Муну менен ал жеке жашоосун ачыктагысы келген эмес, жөн гана киргизип койгонун айтат.

“Жакында эле Америкадан Кыргызстанга келип кетти. Азырынча той тууралуу ойлоно элекпиз, даяр эмесмин. Ал менин чыгармачылыгымы дайыма колдоп, түшүнөт. Жаңы жылдан тарта ырчылыгыма катуу кириштим. Мирбек Атабеков расмий түрдө продюсерим болду “,- деди Толгонай.

Ырчынын жигити Атабековдун бир тууган кайниси болот.

Толгонай азыр жаңы ырларды жаздырып, бийге, вокалга барып жатканын билдирди.

“Мирбек байке менен чогуу иштешип калам деп күтпөдүм эле. Кичинекейимен эле аны кумир тутуп, кыялданып жүрчүмүн. Чогуу ырдап калсам экен деген эле максаттарым бар болчу. Мирбек байке айтканда ушунчалык кубанып, дароо эле макулдугуму бердим. Продюсерсиз иштөө кыйын экенин көрдүм. Көп учурда алданып калган учурларым болду”, -дейт ал.

Буга чейин КРнын эмгек сиңирген артисти, ырчы Мирбек Атабеков 2019-жылы өзүн продюсер катары сынай турганын билдирген. Ал Бек Исраилов менен Толгонай Арзыкеевага колдоо көрсөтмөй болгон.

https://www.instagram.com/p/Bs1CroOHUVG/?utm_source=ig_embed

Булак: «Калыс Медиа»

Количество просмотров: 137