Бишкек.31.08.2018. Govori.TV.
Алтын жана күмүш медалдардын ээси, жеңил атлетчи Дарья Маслова жакында 4 жылдан бери сүйлөшүп жүргөн жигитине баш кошот.
Бул тууралуу күлүк кызды
мекендештери «Манас» аэропортунан тосуп алуу учурунда кабардар болушту. Аны кучак толо гүлдөр жана шыктандырган жакшы сөздөрдү арнап санаалаштары, күйөрмандары тосуп алышты. Күлүк кыз 25-августта жарышта 10 чакырым аралыкты жарым сааттан ашык убакытта (32:07:27) чуркап биринчи болгон. Экинчи медалды үч күндөн соң 5 чакырым аралыкка жарышып экинчи келгендиги үчүн алды.
Аэропортто сүйүктүүсүн күтүп жаткан жигит журналисттерге жакында Маслованын колун сурай турганын айтып берди.
Кийин журналисттердин биринин «сүйүктүүңүзгө турмушка чыгууга макулсузбу?» деген суроосуна спортчу «ооба» деп жооп берди.
«Макул болбогондочу. Төрт жылдан бери жанымда, мелдештерге кетсем, айлап күтөт. Жараат алсам, колдоп турат», — деди Маслова.