• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Тоо кентармагында лицензияларды ар тарапка таратканы үчүн Абылгазиев атка минээрлерди сөктү (Видео)

5 Бирдин айы 2019 16:49 Бишкек Govori.TV

Бишкек.05.02.2019.Govori.TV.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кен байлыктарды иштетүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.

Өкмөт башчы күн мурун өткөн Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин жыйыны тууралуу эскертти, анда кен пайдалануу тармагында коопсуздукту камсыздоо боюнча чаралар каралып, Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин жетекчилигине карата негиздүү сын айтылган.

Премьер-министр эскерткендей, Эмил Осмонбетовдун алдында тоо кен өнөр жай чөйрөсүндө ачык-айкындыкка, тармактын инвестициялык жагымдуулугун жакшыртууга багытталган, мамлекеттин, ошондой эле инвесторлордун кызыкчылыктарын камсыздаган саясатты кайра карап чыгуу боюнча бир катар милдеттер коюлган.

«Кен объекттерине болгон 2711 лицензиянын 2475и 2013-2014-жылдары берилген. Ондогон лицензиялар бир адамдын колуна тийген. Кээде бюджетти толтурууга жамынып лицензиялар көзөмөлсүз берилген. Тилекке каршы, силер бардык иштерди аткарга алган жоксуңар», – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Буга байланыштуу Премьер-министр Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмил Осмонбетовго сөгүш жарыялады, ошондой эле анын орун басарлары Азизбек Ороков жана Сүйүнтбек Аликеевди берген арыздарына ылайык ээлеген кызматтарынан бошотту.

Количество просмотров: 7