• Жума 3 Теке 2026
  • Пятница 3 Июль 2026

Тоодо көчкү жүрүп, 5 адам каза болду

19 Кулжа 20199:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек.19.06.2019.Govori.TV.

Кытайда тоодо көчкү жүрүп, 5 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазды.

Маалыматка ылайык, кырсык Шэньси провинциясында 18-июнь күнү катталган. Казуу иштерин жүргүзүп жаткан кызматкерлерди тоодо көчкү жүрүп басып калган. Көчкүнүн алдынан 3 адам чыгарылып, аларга медициналык жардам көрсөтүлгөнү менен алган жаракаттары оор болгондуктан, алар каза табышкан. 2 кызматкердин жансыз денеси дагы көчкү алдынан табылган.

Кошумчалай кетсек, учурда кырсык эмне себептен болгону аныкталып, тергөө амалдарын жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Количество просмотров: 12