• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Тоодон түшө албай калган жаран куткарылды

17 Чын куран 202513:40 Бишкек Govori.TV

Баткенде ӨКМ куткаруучулары 61 жаштагы эркек адамдын өмүрүн сактап калышты.

Маалыматка ылайык, кечээ, 16-апрелде Орозбеков айыл аймагына караштуу Сары-Талаа жайлоосунда тоодон өз алдынча түшө албай калып, жардамга муктаж болгон жаран тууралуу билдирүү түшкөн.

Жерине ӨКМден 5 куткаруучу тартылып, аталган жаранды тоодон аман-эсен түшүрүп беришкен.

Количество просмотров: 243