• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталат

11 Чын куран 202016:29 Бишкек Govori.TV

2020-жылдын 12-апрелинен 16-апрелине чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Бул тууралуу Кыргызгидромет борбору кабарлайт.

Маалыматка ылайык, тоолуу райондордо, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-137 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-250 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 72-74 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 64-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу күтүлөт, жолдордун айрым участокторунда тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 40