Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18-январда күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, ашууларында кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот:
Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу),
Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 55-115-чакырымдарында,
Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
Красная-Горка-Акташ унаа жолунун 0-2-чакырымдарында,
Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-48 жана 74-90-чакырымдарында.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.