• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Тоолуу жолдорго кар көчкү түшүүсү күтүлөт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

12 Үчтүн айы 2021 15:08 Бишкек Govori.TV

2021-жылдын 13нөн 16-январына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 61-85 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.

Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Количество просмотров: 165