Бишкекте топ балдар ата-баланы сабап кетти. Маалыматты Свердлов райондук милициясы тастыктады.
Окуя 17-мартта болгон. Саат 13:30да райондук милициянын нөмөт бөлүмүнө «Дордой» конушунда топ балдар эки адамды сабаганы тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барып, ур-токмокко кабылгандар 48 жаштагы А.Н. жана анын 2006-жылы туулган Р.А. аттуу уулу экени аныкталган.
Учурда бул факты каттоого алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат. Мушташка катышкандар аныкталып, тергөө кызматына жеткирилген. Ошондой эле, тиешелүү экспертизалар дайындалган.